Бишкекте адам өлүмү менен коштолгон жол кырсыгы катталды
2026-жылдын 3-апрелинде саат болжол менен 02:20 чамасында Бишкек шаарында жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен жөө жүргүнчү каза болду.
Алдын ала маалыматтар боюнча, 2001-жылы туулган Б.К. аттуу айдоочу «Lexus LX 460» үлгүсүндөгү унааны башкарып, А. Токомбаев көчөсү менен батышты көздөй бара жатып, «НТС» телекомпаниясынын тушунда «Honda Fit» үлгүсүндөгү унааны сүзгөн.
Маалым болгондой, 1990-жылы туулган Р.Б. аттуу «Honda Fit» унаасынын айдоочусу жөө өтмөктүн алдында токтоп, түндүктөн түштүккө карай жолдон өтүп жаткан жөө жүргүнчүгө жол берип жаткан. Кагылышуунун натыйжасында «Lexus LX 460» унаасы жөө жүргүнчүнү сүзүп, андан соң жол четинде токтоп турган дагы эки унаа менен кагылышкан.
Жол кырсыгынын кесепетинен 2001-жылы туулган жөө жүргүнчү Ш.З. алган жаракаттарынан улам окуя болгон жерде каза болгон.
Бул факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 312-беренесинин 3-бөлүгү менен кылмыш иши козголду. Учурда унаа атайын айып короосуна киргизилип, тиешелүү экспертизалар дайындалды. Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык, шектүү Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
