Баткенден Тажикстандын аймагына мыйзамсыз мал өткөрүүгө аракет кылышкан. Шектүү кармалды
Баткен районунда малды мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган жаран кармалды.
Баткен облустук милициясынан кабарлашкандай, шектүү 2026-жылдын 3-сентябрында кармалган. Ал Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасында малдарды Кыргызстандын мамлекеттик чек арасы аркылуу мыйзамсыз өткөрүүгө аракет кылган.
Тактап айтканда, алдын ала Тажикстандын чек ара тилкесиндеги контрабандалык топтун өкүлдөрү менен келишип, ири мүйүздүү малдарды бажы көзөмөлүнөн тышкары Согди облусунун Исфара районунун аймагына мыйзамсыз өткөрүп кетүүгө аракет кылышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, Кара-Бак айылынын тургуну Т.О.,нун Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектеш аймагындагы көп жылдык багынан мурда Баткен шаарынын муниципалдык базарынан сатып алынган 3 баш уй жана 3 баш торпок алынган.
Малдар Кара-Бак айылынын тургуну 27жаштагы Ю.М., га таандык «Hyundai Porter» үлгүсүндөгү автоунаага жүктөлгөн.
Андан соң малдарды Кара-Бак айылынын Курук-Сай участкасындагы чек ара тилкеси аркылуу мыйзамсыз өткөрүү максатында бара жаткан жеринен Баткен РИИБдин ыкчам кызматкерлери тарабынан кармалган.
Аталган факты боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 231-беренесинин (Экономикалык контрабанда) белгилери аныкталгандыгына байланыштуу, кылмыш иши козголуп, кылмышка шектүү Ю.М. убактылуу кармоо жайына киргизилди.
Учурда аталган факты боюнча тиешелүү тергөө амалдары жүргүзүлүп, окуянын бардык жагдайлары аныкталууда.
