Сак болуңуз! Кыргызстандын тоолуу аймактарында кар көчкү жүрөт
Өзгөчө кылдаалдар министрлиги тоолуу аймактарда кар көчкү коркунучуна байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Синоптиктердин билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 16-февралынан 18-февралына чейин түзүлгөн кар көчкү кырдаалына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда:
- Бишкек-Ош автоунаа жолунун 121-138-чакырымдарында (Төө-Ашуу ашуусу), 198-265 чакырымдарында (Чычкан капчыгайы, Ала-Бел ашуусу),
- Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 55-115 чакырымдарында,
- Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 45-112 чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
- Красная-Горка-Акташ автоунаа жолунун 0-3 чакырымдарында,
- Сары-Таш-Дароот-Коргон-Карамык автоунаа жолунун 97-98-чакырымдарында,
- Бишкек-Нарын-Торугарт автоунаа жолунун 292-305 чакырымдарында (Долон ашуусу),
- Арал-Миң-Куш автоунаа жолунун 1-14 чакырымдарында,
- Арал-Суусамыр жолунун 8-21 чакырымдарында,
- Балыкчы-Казарман-Жалал-Абад автоунаа жолунун 326-349-чакырымдарында (Көк-Арт ашуусу),
- Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90-чакырымдарында (Чон-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.
Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.
