Депутаттар эмгек министринин орун басарынын үстүнөн МинКабга арызданышат
16 февраль

Депутаттар эмгек министринин орун басарынын үстүнөн МинКабга арызданышат

Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитетинин жыйынына министрдин орун басары өз убагында келген жок. 

Аталган жыйында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги демилгелеген мыйзам долбоору талкууланмак. 
Бирок баяндамачы, министрдин орун басары Айнура Орозбаева жыйынга кеч келээри белгилүү болду.  
Бул комитеттин жетекчиси Токтобүбү Ашимбаеванын нааразычылыгын жаратты. Айтымында, Айнура Орозбаева депутаттарга карата мындай жоопкерчиликсиз мамилесин биринчи жолу көрсөтүп жаткан жок. 

“Бир жолу келбей койду, экинчи жолу башкармалыктын деңгээлиндеги кишини жөнөтүп коюптур. Өзү иш алып барган суроолор боюнча өзү жооп бериши керек эле. Министр Канат Латипжанович ооруп ооруканада жатат. Орозбаева депутаттарга кылган мындай мамилеси менен өзүнүн жоопкерчиликсиздигин көрсөтүп койду”, - деди ал.  

Жыйынтыгында, комитет орун басарды күтүүдөн баш тартышты жана анын жоопкерчиликсизди тууралуу Министрлер Кабинетине кат жөнөтүүнү туура деп табышты.