Ноокен району жана Базар-Коргон шаарында ипотекалык үйлөр курулууда
5 февраль

Ноокен району жана Базар-Коргон шаарында ипотекалык үйлөр курулууда

Ноокен району жана Базар-Коргон шаарында Мамлекеттик ипотекалык компания тарабынан көп кабаттуу турак жайлар курулууда. 

Президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн кабарлашкандай, Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев 4-февралда Ноокен районунун Д.Садырбаев айыл аймагына караштуу Масы айылына барып, курулуп жаткан ипотекалык турак жайлардын абалын көрүп чыкты.

Ошондой эле облус башчысы Базар-Коргон шаарына да барып, Д.Мамашева көчөсүндөгү 828 батирлүү, ошондой эле Б.Осмонов көчөсүндөгү 936 батирден турган ипотекалык көп кабаттуу үйлөрдүн курулуш иштерин көрдү.

Кыдыруунун жүрүшүндө курулуштун сапатын камсыз кылуу жана жумуштарды өз мөөнөтүндө жыйынтыктоо маселелери белгиленди.