Жол жабылды. Кара-Суу районунда унаа жолго таштар кулады 
11 март

Жол жабылды. Кара-Суу районунда унаа жолго таштар кулады 

Кара-Суу районундагы Жаңы-Арык – Кызыл-Суу ички чарбалык унаа жолунун 17-чакырымына бүгүн таштар кулап, жол жабылган. Бул тууралуу ӨКМдин Ош олустук башкармалыгынан кабарлашты. 

Жабыркагандар жок.

Тазалоо иштерин жүргүзүү максатында жерине бир жүктөгүч тартылып, тиешелүү иштер жүргүзүлүүдө.

Кошумча маалымат берилет.