Дос эс алсын! Президент Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей тургандыгын айтты
16 февраль

Дос эс алсын! Президент Камчыбек Ташиев мамлекеттик кызматка келбей тургандыгын айтты

УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров 16-февралда  "Кабар" мамлекеттик агенттигине берген маегинде билдирди. 

Журналист Камчыбек Ташиевке байланыштуу суроо узатып, анда президенттин буга чейинки маегиңизде экөө дос бойдон кала берерин айткандыгын эске салып, азыркы позициясына кызыккан. 

"Ошол эле позициядамын. Мен табиятынан эле кандайдыр бир талаштуу маселелер жаралса, эч бир адам менен урушпай-талашпай эле сабырдуулук менен чечишип алганды жакшы көрөм. Дос бойдон кала беребиз. Бирок ал киши кандайдыр бир мамлекеттик кызматка келбейт. Дос эс алсын, ден соолугун карасын.

Тегерегидеги “ак сакал, көк сакалдардан” арылсын, тазалансын. Тергөө кызматы баарын аныктап, тазалап берет. Албетте, азыр ыракмат айтпайт. Капа болот. Бирок жылдар өткөндөн кийин “Досум сен ошондо туура кылыпсың” деп ыракматын айтат", – деди президент.

Мамлекет башчысы кечээ Камчыбек Ташиев менен жолуккандыгын кошумчалалы. 

"“Эс ал досум, ден соолугуңду кара, тынч жүр” дедим. Досумдун айтымы боюнча, “ак сакалдар” дейбизби, “көк сакалдар” дейбизби, бирөө менен дагы сүйлөшкөн эмесмин дейт. Ошондон улам мен жыйынтык чыгардым. Демек, тигилер досума билгизбей эле өздөрүнчө жашыруун план менен иш жүргүзүп жатышкан экен. Орустар айткандай, “медвежья услуга” көрсөтүштү", – деди.