Улуттук банк кезектеги алдамчылык схемасы тууралуу эскертет
Белгисиз адамдар мамлекеттин колдоосунда жеңилдетилген шарттарда кредит алууга жарандарга көмөк көрсөтүү жөнүндө жарнаманы Telegram месенджери аркылуу таратышууда.
Ишенимге кирүү үчүн алдамчылар Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын логотиби түшүрүлгөн жасалма документтерди көрсөтүшүп, Telegram месенджеринде кредит алган кардарлардын ыраазычылыгы деп жалган билдирүүлөрдү мисал катары келтирүүдө. Андан кийин алдамчылар ар кандай шылтоо менен (камсыздандыруу, комиссия ж.б.) жарандардан акча которууну суранып, жасалма кредиттик келишимди жөнөтүшүп жатышат.
Ушуга байланыштуу Улуттук банк, бул – кезектеги алдамчылык схема экендигин эскертет. Мындай билдирүүлөргө ишенбеңиз жана эч убакта бейтааныш адамдарга акча которбоңуз! Эгерде күмөн санасаңыз, маалыматты расмий булактардан текшериңиз.
Эскерте кетсек, Улуттук банк жарандарга телефон чалбайт, кызматкерлердин күбөлүгүн жана башка расмий документтерди мессенджерлер аркылуу жөнөтпөйт, акча которууну суранбайт, ошондой эле жеке адамдарды тейлебейт, эсеп ачпайт жана калкка насыя бербейт.
Эгерде сиз алдамчылык схемасына кабылып калсаңыз, банк картасын дароо бөгөттөп, тез арада укук коргоо органдарына кайрылыңыз.
