Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 19 жаштагы баласын сөөгү суудан табылды
Сүрөт ачык булактардан алынды
9 ноябрь

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 19 жаштагы баласын сөөгү суудан табылды

Ысык-Ата районунда дайынсыз жоголгон 19 жаштагы баласын сөөгү суудан табылды. Бул тууралуу Чүй облустук милициясынан кабарлашты. 

Милициянын билдирүүсүнө караганда, 2026-жылдын 31-октябрында 2007-жылы туулган Азим Жыргалбековдун дайынсыз жоголгону тууралуу арыз түшкөн.

Арызда ал 28-октябрда Бишкек шаарындагы батиринен чыгып кеткен бойдон дайынсыз болуп жатканы көрсөтүлгөн.

Аталган факты каттоого алынып, издөө жана текшерүү иштери башталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө дайынсыз болуп жаткан жарандын акыркы жолу Ысык-Ата районунун Дмитриевка айылында достору менен жолукканы аныкталган.

2026-жылдын 9-ноябрында ӨКМдин кызматкерлери жана милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иштеринин жүрүшүндө Азим Жыргалбековдун жансыз денеси Дмитриевка жана Буденовка айылдарынын ортосундагы Ысык-Ата дарыясынан, көпүрөгө жакын жерден табылган.

Учурда аталган факты боюнча тиешелүү текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.

Окуянын жагдайлары такталууда.