Депутат: Мопеддер үчүн жаңы эрежелерден улам курьерлер жумушсуз калышы ыктымал
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев өзүнүн Telegram-каналында даярдалып жаткан мыйзам долбоору тууралуу маалымат берип, ал жеткирүү кызматтарынын ишине олуттуу таасир тийгизиши мүмкүн экенин билдирди.
Документке ылайык, мас абалында унаа айдагандыгы үчүн айып пулду 80 миң сомго чейин көбөйтүү жана айдоочулук күбөлүктөн эки жылга чейин ажыратуу сунушталууда.
Мындан тышкары, мыйзам долбоорунда бардык мопеддерди алты айдын ичинде милдеттүү түрдө каттоодон өткөрүү жана айдоочуларды А1 категориясы боюнча окутуу каралган. Учурда мындай категория көпчүлүк айдоочуларда жок. Бекешевдин айтымында, мындай чаралар курьерлердин ишин дээрлик мүмкүн эмес кылып, көптөгөн адамдардын жумушсуз калышына алып келиши мүмкүн.
Депутат мыйзам долбоорун кайра иштеп чыгып, аны кабыл алууну кийинкиге жылдырууну талап кыларын белгиледи. Ошондой эле ал телекөрсөтүү жана радиоуктуруу жөнүндө мыйзамдарга киргизиле турган өзгөртүүлөр да караларын, ал өзгөртүүлөр жалпы жонунан кабыл алууга боло турганын айтты.
