Жанар Акаев “Ош ТВ” телеканалына жаңы кызматтык унаа белек кылды
Ош мэриясы
11 март

Жанар Акаев “Ош ТВ” телеканалына жаңы кызматтык унаа белек кылды

Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев “Ош ТВ” муниципалдык мекемесинин ишмердүүлүгү менен таанышып, телеканалга жаңы кызматтык унаа белек кылды. Бул тууралуу мэриядан кабарлашты.

Белекке берилген унаа телеканалдын ишмердүүлүгүн жакшыртып, журналисттердин шаардагы коомдук, социалдык жана маданий иш-чараларды ыкчам чагылдыруусуна шарт түзөт.

Калаа башчысы шаар тургундарына шаардык, мамлекеттик жана президенттин жүргүзүп жаткан саясатын чагылдырууда “Ош ТВ” телеканалынын орду абдан чоң экенин белгиледи. Ошондой эле калкты так маалымат менен камсыз кылууда телеканал маанилүү роль ойной турганын айтты.

Шаар мэри мындан ары маалыматтык иштерди дагы да күчөтүү зарылдыгын баса белгилеп, телеканал кызматкерлеринин айлык акысы көтөрүлөрүн да билдирди.