Президент: 16 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул чегергибиз бар, бирок бюджетибиз туруштук бербейт
Кыргызстанда 3 жашка чейинки балдарга алардын үй-бүлөсүнүн финансылык абалына карабай, тегиз жөлөкпул төлөнөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди.
Ал келечекте балдардын жаш курагын өйдөлөтүү да мүмкүн экендигин билдирди.
“Союз мезгилинде 16 жашка чейин ар бир балага, бай болобу, кедей болобу, жөлөкпул төлөнчү эмес беле. Кийин ага мүмкүнчүлүк жетпегендиктен, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө гана берилип калган. Бирок анда да телевизоруң бар экен, муздаткычың бар экен деген тоскоолдуктарга туш болушкан. 16 жашка чейинки балдардын баарына жөлөкпул чегергибиз бар, бирок ага бюджетибиз туруштук бербейт. Мен азырынча 3 жашка чейинки балдарга тегиз жөлөкпул берип туралы деп жарлык чыгардым. Бара-бара 16 жашка чейин бергенге жетишебиз, бирок ал үчүн экономикабыз дагы да өсүшү керек”, – деди президент.
