Бишкектеги «Буффет» ишканасынын тамактарын жеген 13 адам ууланды
11 март

Бишкектеги «Буффет» ишканасынын тамактарын жеген 13 адам ууланды

КР Саламаттык сактоо министрлигинин алдындагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти Бишкек шаарында массалык тамак-аштан уулануу фактысы катталганын билдирди.

Алдын ала маалыматтар боюнча, 13 адам медициналык жардам сурап кайрылган. Алардын ичинен 11и ооруканага жаткырылып, дагы 2 адам амбулатордук дарыланууда. Бардык жабыркагандарга керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп жатат.

Алдын ала аныкталган маалыматка ылайык, жабыркагандар «Буффет» ашканасында даярдалган тамактарды жешкен.

Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын адистери объектте пландан тышкаркы текшерүү жүргүзүп, лабораториялык изилдөө үчүн азык-түлүк үлгүлөрүн алышкан.

Аныкталган мыйзам бузуулар боюнча протокол түзүлүп, 23 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Ошондой эле ашкананын ишмердүүлүгүн 2026-жылдын 11-мартынан тартып убактылуу токтотуу тууралуу көрсөтмө берилген.

Учурда эпидемиологиялык иликтөө улантылууда.