Парламент 5 жылда 65 тонна кагаз колдонгон, – президент электрондук ЖКга өтүү зарылчылыгын айтты
11 март

Парламент 5 жылда 65 тонна кагаз колдонгон, – президент электрондук ЖКга өтүү зарылчылыгын айтты

Жогорку Кеңеш электрондук болушу шарт. Анткени ар кандай чыгымдарга чоң сумма сарпталып жатат.

Бул тууралуу бүгүн, 11-мартта президент Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Электрондук парламентке өтпөсөк, кагазга көп акча сарпталып жатат. Мисалы, 2021-жылы 9 тонна кагаз керектелген, 2022-жылы – 13 тонна, 2023-жылы 9 тонна, 2025-жылы – 10 тонна, 2026-жылы 9 тонна. Жалпысынан беш жылда 65 тонна кагаз кеткен. Анын баары импорттолуп келет. Бул А4 форматындагы кагаз гана, андан башка да чыгымдар бар. Биз импорттон кетишибиз керек”, – деди ал.

Президент бир гана Жогорку Кеңеш эмес, бардык тармактарда импорттон кетүүгө аракеттер жасалып жатканын кошумчалады.

“Мисалы, 9 тамак-аштын түрүнүн 6 түрүн өзүбүз камсыздап баштадык. Булар – сүт, картошка, эт, жумуртка, жашылча, кант. Ун, мөмө-жемиш, өсүмдүк майы импорт. Мөмө-жемиш менен өсүмдүк майын дагы өзүбүз чыгарууга умтулуудабыз, аны жолго койсок болот. Бирок унду толук камсыздай албайбыз, анткени жерибиздин 94 пайызы тоо. 6 пайызы гана түздүк, анда айыл, шаарлар да жайгашкан”, – деди Садыр Жапаров.