Кыргызстанда 18 миңден ашуун мамкызматкер бар, анын 58%ын эркектер түзөт
Кыргызстанда 23-июнда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин күнү белгиленет. Бул кесиптик майрам 2017-жылы мамлекеттик башкаруунун ролун жогорулатуу жана кызматкерлердин өлкөнүн өнүгүүсүнө кошкон салымын баалоо максатында негизделген.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, 2026-жылдын башына карата республикада мамлекеттик кызматкерлердин саны 18 миңден ашты (коргонуу, коомдук тартипти жана коопсуздукту камсыз кылган органдарды эсепке албаганда).
Мамлекеттик кызматкерлердин жалпы санынын болжол менен 58 пайызын эркектер түзөт. Кызматкерлердин 77 пайыздан ашыгы, башкача айтканда 14 миңге жакыны аткаруу бийлик органдарында эмгектенет.
Мамлекеттик кызматкерлердин жарымынан көбү — болжол менен 57 пайызы Бишкек шаарында иштейт.
2025-жылы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында 6,3 миң адам эмгектенген. Алардын ичинен 3,9 миңи муниципалдык кызматкерлер болгон. Муниципалдык кызматкерлердин арасында аялдардын үлүшү 43 пайызды түзгөн.
Улуттук статистика комитети белгилегендей, мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин иши натыйжалуу башкарууну камсыз кылууда, мамлекеттик программаларды ишке ашырууда жана коомдук процесстерди уюштурууда маанилүү роль ойнойт.
