Транспорт министрлиги
11 март
Бишкек – Ош унаа жолу ачылды
Бишкек – Ош автожолуна түшкɵн кар кɵчкү саат 11:30да толугу менен тазаланып, эки тараптуу каттам камсыздалды.
КР Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей, учурда Арал постунан киргизилген оор жүк ташуучу унааларга болгон чектɵɵ күчүндө.
Белгилей кетсек, 11-март, таңкы саат 6:50дɵ Бишкек – Ош автожолунун 224 чакырымында Ала –бел ашуусунда кар кɵчкү түшкɵн. Бардык автоунаалар үчүн каттам убактылуу эки тараптуу жабылган.
Жеринде № 23 жол тейлɵɵ ишканасы тарабынан ыкчам түрдɵ керектүү техникалар тартылып, тазалоо иштери жүргүзүлдү.
