Садыр Жапаров: ӨКМ башчылыгына 10 талапкерди сунуштасам, тогузун коррупцияга аралашкан деп айтышты, таза адам калганбы?
11 март

Садыр Жапаров: ӨКМ башчылыгына 10 талапкерди сунуштасам, тогузун коррупцияга аралашкан деп айтышты, таза адам калганбы?

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 11-мартта Жогорку Кеңеште “Акылман” мектеби түндүк-түштүк болуп бөлүнүүнү токтотуу максатында, ошол эле убакта келечектин эң квалификациялуу кадрларын даярдоо үчүн түптөлгөнүн билдирди.

“Акылман” мектебинин бүтүрүүчүлөрү ЖОЖдорду аяктап келгенден кийин бир күн да ишсиз калышпайт. Орун жок болсо, эскилерин бошотуп, пенсияга кетчүлөрдү пенсияга айдап, буларды алабыз. Анткени, буларды миллиарддаган каражаттарды коротуп окутуп жатабыз. Ошондуктан буларды мыйзам менен коргош керек. Эгер мыйзам кабыл албасак, булар да учурдагы ЖОЖдордун бүтүрүүчүлөрүндөй көчөдө калышат”, – деди президент.

Садыр Жапаров “Акылман” мектеби келечектин таза кадрларынын да очогу болоорун кошумчалады.

“Мисалы, жакында өзгөчө кырдаалдар министри ордуна он талапкерди сунуштасам, тогузу ар кандай коррупциялык иштерге аралашкан болуп чыкты. Муну сунуштасаң деле - “ой, ал бул ишке аралашкан”, тигини айтсаң деле – “ой, ал схемчик”. Анан айттым: Кыргызстанда деги таза кадр калганбы?

Биз баарыбыз элге таза иштейбиз деп убада берип келгенбиз. Берген антыбызды, убадабызды аткарышыбыз керек”, – деди Жапаров.

Ошондой эле Кыргызстан түндүк-түштүк “оорусу” менен 30 жылдан бери ооруп келатканын, бирок бул алдыдагы 15-20 жылда толугу менен жоюларын билдирди.

“Студенттерди ротация кылабыз деп жатабыз: түндүктүктөр түштүккө, түштүктүктөр түндүккө барып окушат. Ал жактан түгөй, дос табышы мүмкүн, балким жагып калса барган жеринде иштеп калышат”, – деди.