www
11 март
Жогорку Кеңеште министрлер кабинетинин жаңы мүчөлөрү ант беришти
Бүгүн, 11-марттагы Жогорку Кеңештин жыйынында Министрлер Кабинетинин бир катар мүчөлөрү ант беришти.
Жыйынга президент Садыр Жапаров катышты.
Ант бергендер:
- Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлист Акунбеков;
- Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев;
- Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова;
- Транспорт жана коммуникациялар министри Талантбек Солтобаев;
- Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министри Акыл Токтобаев;
- Саламаттык сактоо министри Дамирбек Осмонов;
- Өзгөчө кырдаалдар министри Канатбек Чыныбаев;
- Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Жумгалбек Шабданбеков.
