Кара-Кулжада кар көчкү басып калган адамдын сөөгү техниканын жоктугунан 4 күндөн кийин гана казылып алынды
Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Сүйүнбек Өмүрзаков Кара-Кулжа районунда табият кырсыгынан бир адам кайтыш болгонун билдирди.
Айтымында, аталган райондун Биринчи май айылына караштуу жайлоодо кар көчкү жүрүп, ал бир адамды басып калган.
“Окуя 31-январда болгон, бирок маркумдун сөөгү 3-февралда гана казылып алынып, туугандарына өткөрүлүп берилди. Анткени, оор карды күрөй турган техника жок. Аким, айыл өкмөт башчысы баары ошол жерде жүрүштү, бирок зарыл техника жоктугунан, казып алуу иши создукту. Кара-Кулжада болгон техниканы алып келишкен, бирок бири дагы оор карды күрөөгө жарамдуу болгон жок”, – деди депутат.
Ал аталган районго заманбап техника берүүнү талап кылды.
“Кыргызстанда тоолуу аймактар көп, бирок Кара-Кулжада кар көп жаайт. 200дөй жергиликтүү тургун күрөгүн алып, өз алдынча казууга туура келди”, – деди ал.
