Нарында Кырдаалдык борбор жана жаңы милиция бөлүмдөрү ачылды
2024-жылдын 25-декабрында Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Башкайыңды жана Кочкор районундагы Чолпон айылдарында жаңы милициянын аймактык бөлүмчөлөрү ачылды. Ачылыш аземине ИИМдин биринчи орун басары, милициянын генерал-майору Адылбек Бийбосунов катышты.
Бул бөлүмчөлөр заманбап стандарттарга ылайык курулуп, кызматкерлердин иштөө шарттарын жакшыртуу жана жарандарга сапаттуу кызмат көрсөтүү максатын көздөйт. Жаңы имараттарда кызматкерлер үчүн кеңсе бөлмөлөрү, жыйындар залы, эс алуу бөлмөлөрү жана башка зарыл шарттар түзүлгөн.
Ачылыш аземинде Адылбек Бийбосунов жаңы бөлүмчөлөрдүн ишмердүүлүгү жергиликтүү калктын коопсуздугун камсыздоодо маанилүү роль ойной турганын белгилеп, кызматкерлерди жоопкерчиликтүү жана ак ниеттүү иштөөгө чакырды.
Жергиликтүү тургундар милициянын аймактык бөлүмчөлөрүнүн ачылышын кубануу менен кабыл алышып, бул кадам коомдук тартипти сактоодо жана кылмыштуулуктун алдын алууда чоң жардам болорун айтышты.
