Шыкмаматов: Биринчи Кудай, андан кийин мен дебей, кээде кечирим сураганды да билиш керек
3 апрель

Шыкмаматов: Биринчи Кудай, андан кийин мен дебей, кээде кечирим сураганды да билиш керек

“Биринчи радионун” эфиринде Мамлекеттик салык кызматынын төрагасы Алмамбет Шыкмаматовго атын атабаган жаран кайрылды. 

“Башка өлкөлөрдө салыкты “бөйрөктөн шыйрак чыгарбай эле” топтоп жатышат. Бизде бизде бир дагы ишкер “менде двойной бухгалтерия жок” деп айта албайт. Кээ бир ишкерлер биз мамлекеттин тирөөчүбүз деп мактанышат экен. Тескерисинче, мамлекет аларга тирөөч. Силер кайсы бир ишти баштаарда 70 жолу ойлонуп баштасаңар. Идеяңар жакшы, бирок көпчүлүк нааразы болуп баштаса эле, кайра кетенчиктеп кетесиңер”, – деди жаран. 

Алмамбет Шыкмаматов суроо берген жаран “классикалык чиновникке” окшошуп жатканын белгиледи. 

“Кыязы, мурда-кийин аткаминер болгон окшойт. Ишкерлерге жеңилдик бербегиле, артка кетенчиктебегиле, принципке турбагыла деп жатат. Бул киши менен жарым-жартылай макулмун. Бирок кечирип кой дегенди да билиш керек. Дайыма эле меники туура дей берген, биринчи Кудай, андан кийин эле мен деген сөз да. Мындай болбошу керек. Элдин үнүн угуш керек. Мисалы, жетекчилик кызматкерлерин ормон опуза кылса, анан алар чогулуп келип нааразычылыгын билдирсе, жетекчи аларды кабыл алып, кечирим сураганы туурабы же “иштесең иште, болбосо кет” дегениби? Салык төлөөдө да ошондой эле көрүнүш”, – деди ал. 

Ошондой эле Шыкмаматов ишкерлерди сыйлаганды үйрөнүүгө чакырды. 

“Алардын түйшүгү чоң. Бизге, карапайым адамдарга оңойдой сезилиши мүмкүн. Эң башкы салыкчы катары айтам, өлкөдө 100гө жакын компания бар, ийне-жибине чейин санариптештирип койгон. Эл аралык деңгээлге чыккан компанияларды бир гана биз эмес, эл аралык аудит да текшерип турат. Кымындай эле кыйшайса, жөн эле талкалашат. Анткени алардын ой жүгүртүүсү жөн гана акча таап компанияны байытыш эмес, а адал иштөө”, – деди Шыкмаматов “таза ишкерлер жок” деген билдирүүгө жооп иретинде.