Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды
3 апрель

Милиция кызматкерлери тарабынан уурулукка шектүү кармалды

2026-жылдын 27-январында К.С. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, анда 2026-жылдын 26-январында борбор калаадагы бир мечитте белгисиз бир адам Redmi маркасындагы уюлдук телефонун уурдап кеткендиги боюнча чара көрүүнү өтүнүчү менен кайрылган.

Аталган факт боюнча, Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 205- беренесине (Уурдоо) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө жана ыкчам издөө иш-чаралары учурунда милиция кызматкерлери тарабынан 2008-жылы туулган С.А. аттуу шектүү аныкталып, кармалган жана Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Учурда анын ушул сыяктуу дагы эки кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталууда.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.