Майыптыгы бар адамдарды медициналык реабилитациялоо жакшырат
Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов жана Кыргыз Республикасынын Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Канат Сагынбаев майыптыгы бар адамдарга реабилитациялык жардам көрсөтүүнү өркүндөтүү маселелери боюнча жумушчу жолугушуу өткөрүштү.
Жолугушуунун негизги темасы эксперттик баалоо, медициналык реабилитация жүргүзүү жана андан кийинки социалдык колдоо чараларынын ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылуу зарылдыгы болду. Тактап айтканда, тараптар реабилитациялоонун жана абилитациялоонун жеке программаларын (РАЖП) ишке ашыруу маселесин талкуулашты.
Майыптык белгиленгенден кийин иштелип чыгуучу РАЖП формалдуу документ болуп калбастан, медициналык уюмдар тарабынан иш жүзүндө колдонулуп, адамдын жеке муктаждыктарын эске алуу менен андан аркы реабилитациялык багытын аныктоого мүмкүндүк бериши маанилүү.
Ошол эле учурда медициналык реабилитация системасы калыбына келтирүүчү дарылоону гана эмес, ар кандай оорулары бар бейтаптарга медициналык жардам көрсөтүүнү, ошондой эле майыптыктын келип чыгуу тобокелдигин алдын алуу жана азайтуу боюнча чараларды да камтыйт. Ушуга байланыштуу реабилитациялык мекемелердин ишин уюштурууга киргизилүүчү өзгөртүүлөр ар тараптуу баалоону жана бейтаптардын бардык категорияларынын кызыкчылыктарын эске алууну талап кылат.
«Биздин милдет — жоопкерчилик чөйрөлөрүн бөлүп-жаруу эмес, майыптык белгиленгенден кийин адам медициналык, реабилитациялык жана социалдык жардамдын ортосунда ажырымга туш болбой турган бирдиктүү системаны түзүү», — деп белгиледи саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар жакынкы убакта эки ведомствонун адистеринин биргелешкен ишин баштоо жөнүндө макулдашышты. Учурдагы механизмдерге баа берүү, алардын артыкчылыктарын жана көйгөйлүү жактарын изилдөө, ошондой эле системаны мындан ары өркүндөтүү боюнча макулдашылган сунуштарды иштеп чыгуу пландалууда.
Бул иштердин алкагында медициналык реабилитация боюнча ченемдик-укуктук жана методикалык базаны да өркүндөтүү каралууда. Учурда Саламаттык сактоо министрлигинин тиешелүү адистери тарабынан реабилитациялык жардам көрсөтүүнүн илимий негизделген стандарттары иштелип чыгууда.
Биргелешкен иш майыптыгы бар адамдарга көрсөтүлүүчү жардамдын жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жогорулатууга, медициналык жана социалдык кызматтардын ортосундагы ырааттуулукту камсыз кылууга, ошондой эле майыптыктын өсүшүн алдын алууга багытталган профилактикалык чараларды күчөтүүгө багытталат.
