Министр “Манас-Ордо” комплексиндеги реконструкция иштеринин жүрүшүн текшерди
Бүгүн, 11-июнда Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев иш сапары менен Талас облусуна барды. Сапардын алкагында министр Президенттин Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эрмат Жумаев менен биргеликте бир катар курулуш объектилерин текшерди.
Алгач “Манас-Ордо” улуттук комплексинде жүргүзүлүп жаткан реконструкция жана курулуш иштеринин жүрүшү каралды.
Көчмө жыйында долбоордун аткарылышы, курулуштун учурдагы абалы жана иш графигинин сакталышы талкууланды. Текшерүүнүн жүрүшүндө министр курулуш иштеринин айрымдары графиктен артта калып жатканын белгилеп, жооптуу тараптарга курулуш темпин күчөтүү, сапатты камсыздоо жана мөөнөттөрдүн так сакталышын камсыз кылуу боюнча тапшырмаларды берди.
Долбоорго ылайык, комплексте административдик борбор, 300 орундуу конгресс-холл, улуттук стилде жасалган коттедждер, жайкы жана кышкы ашканалар, ошондой эле салтанаттуу иш-чараларды өткөрүүгө арналган борборлор курулууда. Мындан тышкары, коноктор үчүн соода жана эс алуу аймагын камтыган галерея жана 3500 орундуу маданий-көпчүлүк иш-чаралар борбору салынат.
Белгилей кетсек, “Манас-Ордо” улуттук комплекси акыркы 30 жыл ичинде биринчи жолу ири масштабдагы реконструкциядан өтүүдө. Объекттин долбоору Кыргыз Республикасынын Курулуш министрлигине караштуу Шаар куруу жана архитектура департаменти тарабынан иштелип чыккан.
