ӨКМ: Тоолуу унаа жолдордо карды атайылап түшүрүү иштери башталды
Бишкек – Ош унаа жолунун Өтмөк тилкеси, Ала-Бел ашуусу жана Чычкан капчыгайында кар көчкүлөрүн аткылап түшүрүү иштери жүргүзүлөт. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен кабарлашты.
Карды атайылап түшүрүү иштери 4нөн 8-февралга чейинки аралыкта жүргүзүлөт, жерине атайы ыкчам топ жөнөтүлдү.
Мындай аракет жарандардын өлүмүнө жол бербөө, материалдык чыгымдарды болтурбоо жана жол каттамын үзгүлтүккө учуратпоо максатында ишке ашырылууда.
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги айдоочуларды, жүргүнчүлөрдү алыска сапарга чыгууда белгиленген жол белгилерине жана убактылуу коюлган тосмолорго көңүл буруп, жол эрежелерин так сактоого чакырат.
Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык так сакталышы керек.
