Адылбек Касымалиевдин Азербайжанга болгон иш сапары аяктады
Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиевдин Азербайжан Республикасына болгон иш сапары аяктады. Бул тууралуу министрлер кабинетинен кабарлашты.
Анда ал Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенттинин Экинчи жыйынына катышып сөз сүйлөдү.
Ошондой эле Адылбек Касымалиев ТМУ мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана вице-президенти менен биргеликте Азербайжан Республикасынын президенти Ильхам Алиев менен жолугушту.
Мындан тышкары, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз менен эки тараптуу жолугушуусу өттү.
Иш сапардын жүрүшүндө Адылбек Касымалиев Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө мамлекеттердин өкмөт башчылары жана Вице-президентти менен биргеликте Гейдар Алиев борборуна жана Азербайжан улуттук килем музейине барды.
Азербайжан Республикасына иш сапары аяктаган соң министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкек шаарына кайтып келди.
