Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын көчмө жыйын өттү
Ош мэриясы
19 май

Ош шаарында Жогорку Кеңештин депутаттарынын көчмө жыйын өттү

Жогорку Кеңештин илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият, спорт жана жаштар иштери боюнча комитетинин көчмө жыйыны Ош шаарында өткөрүлдү. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

Ага Ош шаарынын мэринин орун басары Масуда Айдарбекова, Илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министрлигинин, Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин, Саламаттыкты сактоо министрлигинин жана Финансы министрлигинин орун басарлары катышты.

Жыйындын жүрүшүндө №12 атайын көмөкчү жатак жалпы билим берүү мекемесинин, №10 “Топ Жылдыз” бала бакчасынын, угуусу жана көрүүсү начар балдар үчүн атайын жалпы билим берүүчү мектеп-интернатынын жана Ош технологиялык университетинин имараттарынын абалы менен жеринен таанышышты.