​Кыргызстанда акыркы жатак абактарды жоюу чечими кабыл алынды
4 февраль

​Кыргызстанда акыркы жатак абактарды жоюу чечими кабыл алынды

Кыргызстанда акыркы жатак абактарды жоюу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу Юстиция министрлигинен кабарлашты. 

Маалыматка ылайык, өзүн-өзү актабаган түзөтүү мекемелерди — акыркы 6 жатак абактарды жоюу боюнча чечимдер кабыл алынды. Демилге мамлекеттик башкаруу системасын бюрократиядан арылуунун алкагындагы реформанын бир бөлүгү.

Чечимдер этап-этабы менен кабыл алынган. 2025-жылы тиешелүү кодекстерге жана ченемдик укуктук актыларга өзгөртүүлөр киргизилип, андан кийин колония-конуштардын биринчи тобу жабылган.

2026-жылдын 28-январында мекемелердин экинчи тобун – № 26, 42, 43, 44, 45 жана 52-мекемелерди жоюу чечими кабыл алынды.Жатак абактарды КР Кылмыш-аткаруу кодексинен алып салуунун укуктук негизи 2025-жылдын 31-июлундагы № 181-Мыйзам болду.

Реформа пробация менен функцияларды кайталабастан, мамлекеттик каражаттарды рационалдуу пайдалануу жана жоюлуп жаткан мекемелердин кызматкерлеринин укуктарын милдеттүү түрдө сактоо менен заманбап жана натыйжалуу ыкманы ишке ашырууга багытталган.