Жогорку соттун мурдагы судьясы Камельдин Базаркулов дүйнө салды
4 февраль

Жогорку соттун мурдагы судьясы Камельдин Базаркулов дүйнө салды

2026-жылдын 3-февралында көрүнүктүү юрист, мамлекеттик жана коомдук ишмер, жоопкерчилиги жана ар-намысы жогору инсан Базаркулов Камельдин Кушубекович мезгилсиз дүйнө салды. Бул тууралуу Жогорку соттон кабарлашты. 

Камельдин Кушубекович 1957-жылдын 2-мартында Талас районунун Көпрө-Базар айылында туулган. Ал сүйүктүү жолдош, төрт баланын атасы болгон.

1978–1983-жылдары СССРдин 50 жылдыгы атындагы Кыргыз улуттук университетинин юридика факультетин аяктап, юриспруденция багыты боюнча жогорку квалификациялуу адистигин алган. Эмгек жолун жумушчу кесиптен баштап, андан ары өмүрүн мыйзамга, мамлекетке жана коомго кызмат кылууга арнаган.

Анын кесиптик ишмердүүлүгү кырк жылдан ашуун убакыт Кыргыз Республикасынын ички иштер органдары, прокуратурасы жана сот тутуму менен тыгыз байланышта болгон. Ал тергөөчүдөн тартып Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьясы жана Бишкек шаардык сотунун төрагасынын орун басары кызматтарына чейин эмгектенген. Ошондой эле мамлекеттик түзүмдөрдө жооптуу кызматтарды ээлеп, «Түндүкэлектро» ААКнын директорлор кеңешинин мүчөсү, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фондунун юридикалык бөлүмдөрүнүн кеңешчиси жана жетекчиси, Кыргыз Республикасынын Судьялар ассоциациясынын Башкармалыгынын мүчөсү болгон.

Өлкөнүн укуктук тутумун өнүктүрүүгө кошкон олуттуу салымы жана ак ниет кызмат өтөгөнү үчүн Камельдин Кушубекович бир катар мамлекеттик жана ведомстволук сыйлыктарга, анын ичинде «Ички иштер министрлигинде мыкты кызмат өтөгөнү үчүн» төш белгисине, Кыргыз Республикасынын Ардак грамоталарына, ошондой эле Осмонкулов айыл өкмөтүнүн «Ардактуу атуулу» наамына татыктуу болгон. Милициянын подполковниги класстык чинине ээ болгон.

Ал билимин үзгүлтүксүз өркүндөтүп, эл аралык жана республикалык деңгээлдеги квалификациясын жогорулатуу курстарынан өтүп турган, кесипкөйлүктүн, принципиалдуулуктун жана ишине берилгендиктин үлгүсү болгон.

Камельдин Кушубекович мыйзамга жана адилеттикке кызмат кылууга өмүрүн арнаган, чынчыл, адилеттүү, өзүнө да, башкаларга да талапты катуу койгон инсан катары туугандарынын, кесиптештеринин жана аны тааныгандардын жүрөгүндө түбөлүк сакталат.