«Кыргызкөмүр» ААК көмүр казууну көбөйтүп, күз-кыш мезгилине көмүр запасын түзүүдө
«Кыргызкөмүр» ААК күз-кыш мезгилинде электр энергиясына мүмкүн болгон чектөөлөргө даярдык көрүү максатында көмүр казуунун көлөмүн көбөйтүп, өндүрүштүк запастарды түзүүдө. Бул тууралуу компаниянын башкы директору Рустамбек Садыралиев «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди.
Анын айтымында, 2026-жылы Кара-Кече кенинде 10 млн куб метрден ашык ачуу иштери жүргүзүлөт. Бул көрсөткүч кадимки жылдык көлөмдөн жогору.
Үстүбүздөгү жылдын январь-июнь айларында ишкана 5 млн 314 миң куб метрден ашык ачуу иштерин аткарды.
Көлөмдүн көбөйүшү алдыдагы жылытуу мезгилине даярдык көрүү жана кышында электр энергиясын берүүдө чектөөлөр жаралышы мүмкүн болгон шартта кошумча көмүр запасын камсыз кылуу зарылдыгы менен байланыштуу.
Өндүрүштүк көрсөткүчтөрдүн өсүшүнө техникалык парктын жаңыланышы өбөлгө болду. 2024-жылдан бери компания 80ден ашык атайын техниканы сатып алды.
Учурда Кара-Кече көмүр кенинде жеке подряддык компаниялардын техникаларын кошкондо 260тан ашык техника иштеп жатат. Ишканада 700дөн ашык адам эмгектенет.
Буга чейин Министрлер кабинети экономиканын тармактарын жана калкты 2026–2027-жылдардын күз-кыш мезгилине даярдоо боюнча чараларды бекиткен.
