Ташкент – Ош маршруту боюнча туруктуу авиакаттам ачылат
27 февраль

Ташкент – Ош маршруту боюнча туруктуу авиакаттам ачылат

“Кыргызстан аэропорттору” ААК Centrum Airавиакомпания тарабынан Ташкент – Ош багытыбоюнча жаңы туруктуу авиакаттам ачылгандыгытууралуу маалымдайт.

Учуу каттамдары 1-апрелден тартып аткарыла баштайт.

Каттамдар жумасына эки жолу — шаршемби жанаишемби күндөрү — заманбап Airbus A320 үлгүсүндөгү аба кемелери менен аткарылат. Учууузактыгы 1 саат 10 мүнөттү түзөт.

Авиабилеттердин минималдуу баасы (жүксүз) экитарапка 1,5 млн. сумдан (124 АКШ доллары) башталат. Билеттерди авиакомпаниянын расмийсайтынан жана иштеп жаткан сатуу каналдарыаркылуу сатып алууга болот.

Каттамдардын графиги Ташкент шаарындагыыңгайлуу туташтырууларды эске алуу менентүзүлгөн. Бул Ош шаарынан чыкканжүргүнчүлөргө авиакомпаниянын маршруттуктармагы боюнча башка багыттарга учууга кошумчамүмкүнчүлүктөрдү түзөт.

“Кыргызстан аэропорттору” ААК белгилейт, жаңыкаттамдын ачылышы — бул жөн гана маршруттуктармакты кеңейтүү эмес. Бул эки өлкөнүнортосундагы туризмди, бизнести өнүктүрүүгө жанакоңшулук достук мамилелерди бекемдөөгөкошумча өбөлгө түзөт.