Айдоочулардын эсине! Ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар
4 февраль

Айдоочулардын эсине! Ашууларга кар көчкү түшүү коркунучу бар

Кыргызгидромет кызматы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратып, айдоочуларды сак болууга чакырды. 

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 5-нен 7-февралына чейин күтүлүп жаткан жаан-чачынга байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, тактап айтканда:

  • Бишкек-Ош автоунаа жолунун 198-255-чакырымдарында (Ала-Бел ашуусу, Чычкан капчыгайы),
  • Ала-Бука-Каныш-Кыя автоунаа жолунун 65-101-чакырымдарында (Чапчыма ашуусу),
  • Красная-Горка-Ак-Таш автоунаа жолунун 0-3-чакырымдарында,
  • Мырза-Аке-Кара-Кулжа-Алайкуу автоунаа жолунун 65-110 чакырымдарында,
  • Каракол-Эңилчек автоунаа жолунун 45-90 чакырымдарында (Чоң-Ашуу ашуусу) кар көчкү түшүүcү жана кар күрткүсү күтүлөт.

Жолдор тайгак болуп муз тоңот. Унаалардын ортосундагы 500 метр аралык кыймыл чектелиши зарыл.