Баткен районундагы Р6 каналы капиталдык оңдоодон өтүүдө
Баткен районундагы Р6 каналы капиталдык оңдоп-түзөөдөн өтүүдө.
Облустагы өкүлчүлүктөн кабарлашкандай, сугат каналынын узунду 15,500 чакырымды түзөт. Буга чейинки сыйымдуулугу 3,7 куб болгон сугат каналы, оңдоп-түзөөдөн соң 4,8 кубка көбөйөт.
Натыйжада 2600 гектар жерге суу берүү жакшырат, андан сырткары, 300 гектар жерди жаңыдан өздөштүрүү пландалып жатат.
Курулушка керектелүүчү техникалар жана жумушчу күч жетиштүү. Республикалык бюджеттин эсебинен 463 млн сом каралган.
2026-жылдын январь айында башталган курулуштун сугат мезгилине чейин 1-этабы, сугат мезгилинен кийин 2-этабы жүрөт.
