Президент Жапаров чиновниктерге туугандарын жумушка алууга тыюу салды
27 февраль

Президент Жапаров чиновниктерге туугандарын жумушка алууга тыюу салды

Бүгүн, 27-февралда “Ынтымак Ордодо” президент Садыр Жапаровдун катышуусунда республикалык кеңешме өтүп жатат.

Иш-чарага министрлер кабинетинин мүчөлөрү, тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери, Президенттин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек, Ош жана облустук маанидеги шаарлардын мэрлери, акимдер катышууда.

Президент кеңешмеде сүйлөп жатып, 2030-жылга чейинки стратегияда белгиленген милдеттерди бардык мамлекеттик кызматкерлер так аткарышы керек экенин баса белгиледи.

Анын айтымында, эң алыскы айылдардагы жетекчилерге чейин бир багытта иш алып барууга тийиш.

"Ар бир мамлекеттик органдын жана ар бир жетекчинин жалгыз милдети — элге кызмат кылуу. Бийликтин бир дагы бутагы саясий оюндар же кысым көрсөтүү үчүн түзүлгөн эмес. Мурда саясий амбициялар өнүгүүгө тоскоол болуп, институттарды алсыраткан. Чечимдер эл үчүн эмес, айрым топтордун кызыкчылыгы үчүн кабыл алынып, ошондуктан өлкө ондогон жылдар бою ордунда туруп калган", — деди президент.

Ал мамлекеттик кызматкерлер жаңылышууга жол бербеши керектигин жана өздөрүнүн түз милдеттерин так аткарууга көңүл бурушу зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилерине жакын туугандарын кызматка алуу тыюу салынарын эскертип, мындай учур аныкталса кызматтан бошотуу чарасы көрүлөрүн айтты.

Президент өнөр жай тармагына системалуу колдоо көрсөтүлүп жатканын да белгиледи. Анын айтымында, жыл сайын 100 жаңы өнөр жай объектисин ишке киргизүү туруктуу практикага айланды. Акыркы беш жыл ичинде кайра иштетүүчү, жеңил жана оор өнөр жай тармактарында жаңы ишканалар ачылып, кошумча жумуш орундар түзүлүп, бюджетке салыктык түшүүлөр көбөйүп, экономикалык өсүш камсыз болду.

Өзгөчө көңүл айыл чарба тармагына бурулду. Мамлекет башчысы Кыргызстан агрардык өлкө бойдон калып жатканын, калктын 60 пайызы агросектор менен байланышта экенин белгиледи. Акыркы беш жылда айыл чарба продукциясынын жалпы көлөмү 2 трлн сомду түзгөн.

"Буга чейин импорттолуп келген социалдык маанидеги 9 азык-түлүктүн 6 түрү боюнча өзүбүздү камсыздай баштадык. Алдыда толук өз алдынчалуулукка жетүү планы турат", — деди Жапаров.

Президент ошондой эле кооперативдердин, мамлекеттин, кайра иштетүүчү жана өнөр жай ишканаларынын, фермерлердин биргелешкен ишинин аркасында Кыргызстан айыл чарба продукциясынын 60ка жакын түрүн дүйнөнүн 80 өлкөсүнө экспорттоп жатканын белгиледи.