Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү кармалды
27 февраль

Милиция кызматкерлери тарабынан өзгөчө ири өлчөмдө алдамчылыкка шектүү кармалды

2026-жылдын 22-февралында Бишкек шаарынын Ленин райондук ички иштер башкармалыгына К.М. аттуу жаран жазуу арыз менен кайрылган. Анда ал С.А. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Анын айтымында, С.А. ишенимге кирип, зер буюмдарды сатуу шылтоосу менен алдамчылык жолу аркылуу жалпы суммасы 5 154 600 сомдук алтын буюмдарды ээлеп алып, белгисиз тарапка качып кеткен.

Аталган факт боюнча Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Жүргүзүлгөн иликтөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, милиция кызматкерлери тарабынан кылмышка шектүү деп 1987-жылы туулган С.А. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Азыркы учурда тергөө иштери уланууда.