Референдумду белгилөө тартибине өзгөртүү киргизилет: президент же 300 миң шайлоочу
19 май

Референдумду белгилөө тартибине өзгөртүү киргизилет: президент же 300 миң шайлоочу

Кыргызстанда референдум өткөрүү боюнча мыйзамга өзгөртүүлөр жана толуктоолор киргизилет. Президент Садыр Жапаров тарабынан демилгеленген мыйзам долбоору бүгүн Жогорку Кеңеште 1-окууда каралды. 

Баяндамачы, БШК төрагасы Тынчтыкбек Шайназаров билдиргендей, мыйзам долбоорунда төмөнкүдөй негизги өзгөртүүлөр каралган: 

1. Мамлекеттик маанидеги маселелер боюнча референдум президенттин же 300 миңден кем эмес шайлоочулардын же Жогорку Кеңештин депутаттарынын жалпы санынын көпчүлүгүнүн демилгеси менен белгиленет. 
2. Конституцияны кабыл алуу жана анын 1-, 2-, 5- бөлүмүнө өзгөртүү жана толуктоо киргизүү үчүн 300 миңден кем эмес шайлоочулардын, президенттин, Жогорку Кеңештин депутаттарынын 3/2 бөлүгүнүн макулдугу керек. 
3. Референдумду уюштуруу жана өткөрүу жол жоболору учурдагы шайлоо системасына ылайык келтирилет. Шайлоочуларды онлайн идентификациядан өткөрүү жана өткөрүлгөндөн кийин бюллетенди автоматтык түрдө түзүү жана басып чыгаруу. 
4. Аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү жана анын жыйынтыктарын эсепке алуу менен добуштардын жыйынтыгын автоматтык түрдө эсептөө. 
4. “Макул” жана “каршы” топторунун фонддорун түзүү жана каражатты топтоо жакшыртылууда. Каражат которгондорду аныктоо, акча каражаттарын көзөмөлдөөдө мобилдик банкинг тиркемелери жана башка накталай эмес тутумдарды колдонуу сунушталуу. Акчанын келип түшүшү жана сакталышы банк мекемелери жана БШК тарабынан жүргүзүлөт. 

Шайназаровдун айтымында, мындан сырткары шайлоо комиссиялары жана укук коргоо органдарынын катышуусунда ыкчам чара көрүү боюнч координациялык топтор түзүлөт жана алар добуш берүү учурундагы ар кандай мыйзам бузуулар боюнча маалыматтарды кыска убакытта каралат. 
БШК төрагасы буларды ишке ашыруу үчүн республикалык бюджеттен эч кандай каражат кетпей турганын кошумчалады.