Милиция кызматкерлери тарабынан алдамчылыкка шектелген курулуш компаниясынын директору кармалды
Бишкек шаарынын Октябрь РИИБге О.А. аттуу жарандар арыз менен кайрылып, анда «Арабиан Кыргыз Аль Хнейз» ЖЧКсынын директору Х.Р.га карата мыйзамдуу чара көрүүнү суранган. Себеби, Х.Р. 2022-жылдын 13-октябрында Бишкек шаарынын Көк-Жар жаңы конушунда жайгашкан курулуп жаткан көп батирлүү турак жайдан батир берем деп алдоо жолу менен жарандан 18 миң АКШ доллары өлчөмүндөгү акча каражатын ээлеп алган. Бирок бүгүнкү күнгө чейин батир берилген эмес, андан кийин ал изин жашырып, байланышка чыкпай калган.
Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.
Жүргүзүлгөн тергөө жана ыкчам-издөө иш-чараларынын алкагында Бишкек шаарынын Октябрь РИИБдин кызматкерлери тарабынан 1966-жылы туулган жаран Х.Р. аныкталып, кармалган. Ал Тергөө кызматына жеткирилип, Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек ШИИББдин убактылуу кармоочу жайына камакка алынган.
Учурда анын ушул сыяктуу башка кылмыш фактыларына тиешеси бар экендиги текшерилүүдө.
