Бишкек: кибер алдамчылыкка шектүү кармалды
Бишкек шаарынын Биринчи май районунун ички иштер башкармалыгына И.Э. аттуу жаран жазуу жүзүндө арыз менен кайрылып, алдамчылык фактысы тууралуу билдирген.
Анын айтымында, 2026-жылдын 2-февралында Лев Толстой көчөсүндө жүргөн учурда Telegram мессенжериндеги интернет-дүкөн аркылуу кийим заказ кылып жатып, QR-код аркылуу «Оптима Банктагы» жаран М.К.нын эсебине 355 295 сом акча каражатын которгон. Жалпы сумма 7 транзакция аркылуу жөнөтүлгөн.
Аталган факт боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине («Алдамчылык») ылайык кылмыш иши козголгон.
Ыкчам-иликтөө иш-чаралардын жүрүшүндө борбор калаанын милиция кызматкерлери тарабынан шектүү катары 2002-жылы туулган жаран А.Т. аныкталып, кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө кармалган жаран мурда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин «Тоноо» жана «Уурулук» беренелери боюнча соттолгону аныкталган. Ошондой эле, анын кибер алдамчылыкка байланыштуу бир нече кылмыш иштеринде шектүү катары өтүп жатканы белгилүү болгон.
Кармалган жаран Бишкек шаарынын Биринчи май РИИБдин Тергөө кызматына жеткирилип, Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Учурда кармалган жарандын борбор калаа аймагында ушул сыяктуу башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилүүдө.
