Нарын шаарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылды
Транспорт министрлиги
11 июнь

Нарын шаарындагы айланма жол курулуш иштерине байланыштуу убактылуу жабылды

Бишкек–Нарын–Торугарт унаа жолунун 346-чакырымында (Арка тилкеси) айланма жолдун («Круговой») курулуш иштери жүргүзүлүп жаткандыгына байланыштуу, Нарын шаарындагы айланма (Жаңы-Жол) унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашты.

Жол кыймылын коопсуз уюштуруу жана курулуш иштерин сапаттуу жүргүзүү максатында аталган тилкеде бардык унаа каражаттарынын жүрүүсүнө 20-июнга чейин чектөө киргизилет.

Министрлик айдоочулардан алдын ала маршруттарын пландап, жол белгилеринин талаптарын сактоону жана мүмкүнчүлүк болсо альтернативдүү жолдорду колдонууну өтүнөт.

Министрлик келтирилген убактылуу ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурап, абалды түшүнүү менен кабыл алууну суранат.