Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасы ишке кирет
11 июнь

Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасы ишке кирет

Кыргызстанда азык-түлүк товарларынын бааларына мониторинг жүргүзүүнүн санариптик платформасын ишке киргизүү пландалууда. Бул маселе министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Эрлис Акунбеков менен Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын (WFP) өкүлдөрүнүн жолугушуусунда талкууланды.

Жолугушуунун жүрүшүндө азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу, ички рыноктогу бааларга туруктуу мониторинг жүргүзүү жана маалыматтык камсыздоону өркүндөтүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду.

WFP өкүлдөрү райондук деңгээлде азык-түлүк товарларынын баалары боюнча маалыматтарды чогултуу, талдоо жана ыкчам мониторинг жүргүзүү үчүн иштелип чыккан санариптик платформанын долбоорун тааныштырышты. Платформа рыноктогу баа өзгөрүүлөрүнө өз убагында баа берип, тиешелүү чечимдерди кабыл алууга көмөк көрсөтөт.

Тараптар платформаны колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, маалымат алмашуу механизмдерин жана азык-түлүк рыногундагы кырдаалга мониторинг жүргүзүүнү жакшыртуу маселелерин карашты. Жыйынтыгында кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүүгө кызыкдар экендиги белгиленди.