Жанар Акаев Ош шаарынын күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жолугушту
Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев күч түзүмдөрүнүн жетекчилери менен жумушчу жолугушуу өткөрдү, деп билдирет мэриянын басма сөз кызматы.
Жолугушуунун жүрүшүндө тиешелүү кызматтарга шаардагы абалды көзөмөлдөө жана коомдук коопсуздукту камсыздоо боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
Калаа башчысы учурда шаардагы негизги маселелер баш аламан соода жайларын иретке келтирүү, мыйзамсыз соода жүргүзүүгө бөгөт коюу жана коомдук жайларда жарандардын коопсуздугун камсыз кылуу экендигин белгиледи.
Бул багытта күнүмдүк рейддик иш-чараларды күчөтүү, алдын алуу иштерин үзгүлтүксүз жүргүзүү, тартипти сактоо жана мыйзам талаптарын бузгандарга карата тиешелүү чараларды көрүү боюнча кызматтардын өз ара аракеттенүүсүн күчөтүү зарылдыгын айтып, ыкчам жана так иш алып барууну тапшырды.
