Кыргызстанда президенттикке талапкерлер канча кол топтоду?
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 ноябрь

Кыргызстанда президенттикке талапкерлер канча кол топтоду?

Кыргызстанда президенттикке талапкерлерди колдоо максатында кол топтоо уланууда.

«Түндүк» тиркемесинин 2026-жылдын 20-ноябрына карата акыркы маалыматына ылайык, талапкерлер төмөнкүдөй санда кол топтошкон:

  • Клара Сооронкулова — 23 254 кол;
  • Бактыбек Калмаматов — 21 474;
  • Азамат Эсенбеков — 19 108;
  • Акай Кыдыров — 16 022;
  • Бакытбек Адылов — 12 194;
  • Амур Айба Медер — 7 107;
  • Мамбетжунус Абылов — 6 686.

Буга чейин Садыр Жапаров, Сыймык Жапыкеев, Аймен Касенов жана Исхак Масалиев талап кылынган сандагы кол топтошкон.

Кол топтоо 8-декабрда аяктайт. Ал эми талапкерлерди каттоо 23-декабрга чейин уланат.

Шайлоо алдындагы үгүт иштери 2026-жылдын 23-декабрында башталып, 2027-жылдын 26-январында аяктайт.