Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү
27 февраль

Муктаж үй-бүлөлөргө жана майыптыгы бар жарандарга кайрымдуулук жардам көрсөтүлдү

26-февралда «Ассанабил» коомдук фондунун кеңсесинин алдында социалдык жактан аяр абалда турган жарандарга техникалык жана тиричилик каражаттарын тапшыруу аземи болуп өттү. Бул тууралуу Эмгек министрлигинен кабарлашты.

Иш-чарага эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин орун басары А. Орозбаева катышты.

Азем «Үмүт жарыгы» долбоорунун алкагында уюштурулду.

Иш-чаранын жүрүшүндө төмөнкүдөй жардамдар көрсөтүлдү:

• беш жана андан көп баланы тарбиялап жаткан үй-бүлөлөргө 7 даана «Желмаян» жүк ташуучу мототроллери тапшырылды;

• техникалык реабилитациялык каражаттарга муктаж жарандарга 10 даана майыптар коляскасы берилди;

• аз камсыз болгон жана көп балалуу үй-бүлөлөрдөгү энелерге жеке ишин уюштуруу жана материалдык абалын жакшыртуу максатында тигүүчү машиналар тапшырылды.

Көрсөтүлгөн жардам көп балалуу энелердин өз алдынча ишкердик жүргүзүү мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө, мүмкүнчүлүгү чектелген жарандардын кыймыл-аракетин жеңилдетүүгө, ошондой эле оор турмуштук кырдаалда турган үй-бүлөлөрдүн экономикалык өз алдынчалыгын бекемдөөгө багытталган.

-----------