Жалал-Абад шаарындагы эс алуу жайында өрт чыкты
Жалал-Абад шаарында бүгүн, 22-июлда алдын ала маалымат боюнча, Ж.Бакиев көчөсүндө жайгашкан “Токтогул” эс алуу жайында өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Бул тууралуу ӨКМден кабарлашты.
Маалыматка ылайык, жерине жалпы 3 күжүрмөн эсеп тартылды.
Учурда өрттү өчүрүү иштери жүрүп жатат.
Кошумча маалымат берилет.
