Психолог: Ичи тар адамдар ичи тардыгы менен өзүнүн энергиясынан ажырап, башкаларды энергетикасын толтурат
23 январь

Психолог: Ичи тар адамдар ичи тардыгы менен өзүнүн энергиясынан ажырап, башкаларды энергетикасын толтурат

Ич күйдүлүк кайдан келген жана кандай адамдарда байыр алат? Бул зыяндуу сезимден кутулуунун жолу барбы? Бул суроолорго психолог, энерготерапевт Аида Нурдинова “Жылдыз тайм” Ютуб каналына берген маегинде жооп издеген.

Айтымында, ич күйдүлүк, ичи тардык, жек көрүү сезимдерин адам өзү жараткан, бул жаратылышта жок.

“Бул кайдан чыкты деген суроого жооп иретинде Дарвиндин теориясы айтылат. Алгачкы жашоодо адамдар топ-топ болуп жашап жүрүп, бир топ чоңурак элик атып келсе, экинчи топтун ич күйдүлүгү жаралып, аларга жаасын сындырып же башка дагы жамандык иштерди жасашчу экен. Ошентип жүрүп адамзат бул терс сезимдерди жүрөгүнө киргизип алган. Аны менен кантип күрөшүү керек? Сен кимдир бирөөгө ич күйдүлүк кылып жатсаң, ойлонуп көр – сенин да ошондой болушуңа эмне тоскоолдук жаратууда? Сен дагы талантыңды ач, ийгиликке жетиш, иште, аракет кыл. Башка бирөөнүн ийгилиги сага ич күйдүлүк эмес, суктануу, мен да ошондой болсом деген умтулуу сезимдерин гана жаратууга тийиш”, – деген психолог.

Ошондой эле ал ааламдын мыйзамы адамзаттын ниетине жараша иштей турганын белгилеген. Айтымында, эгерде адам башкаларга карата жүрөгүн таза кармап, кимдир бирөөнүн ийгилигине же жакшылыгына өзүнүкү сыяктуу кубана ала турган болсо, ага да так ошондой жакшылык келет.

“Сен башка бирөөгө кечке ичи тардык кылып, аны ойлоно берсең, ошол адамдын энергетикасын толтуруп бересиң. Анын иши азыркыдан да жакшы жүрүшө берет. А сен энергияңдын баарын ага кармата берип, ойлогон оюң ордунан чыкпай, иштериң жүрүшпөй кыйнала бересиң. Башка бирөөнү ойлонбо, ичи тардык кылба, энергияңдын баарын өзүңө бур – ошондо өзүң да күтпөгөн каалгалар ачылат”, – деди.

Ал илимдеги медитациялык абал тууралу түшүндүрдү. Белгилегеней, бул адам уйку-соонун ортосунда жаткан кез. Мына, ушул убакта, психологдун айтымында, адам эмнени ойлонсо жана кандай тилек кылса, ал тездик менен ишке ашат. Анткени, мындай маалда адам мейкиндик менен түз байланышта болот.

Ошондой эле жакшылыкты, бакубаттуулукту чакыруунун дагы бир жолу – шүгүр кылуу.

“Адам банктан мынча кредитим бар, буга мынча карызым бар, ошолорду төлөөгө мынча акчам болсо жакшы болот эле деп Кудайдан суранса, ага тескерисинче, карыздын үстүнө карыз кошулушу мүмкүн. Анткени, ал жакшы нерсени эмес, карызын – көйгөйүн айтып жатат. А эгерде адам жашоосуна шүгүр келтирип, менин жашоом эң сонун, мен баарына ыраазымын, ырахаттанып жашап жатам десе, ага кайра эле ырахаттанып жашоосу үчүн жетиштүү жакшылык берилет. Муктаждыгыңды эмес, жетишкендигиңди биринчи орунга чыгара билүүнү үйрөн. Ошондо муктаждык өзүнөн өзү чечилет”, – деп белгиледи.