Бишкекте өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, $10 миң алдап кеткен жаран кармалды
Октябрь РИИБдин басма сөз кызматы
20 ноябрь

Бишкекте өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, $10 миң алдап кеткен жаран кармалды

Бишкекте өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырып, алдамчылык кылган жаран кармалды. Бул тууралуу Октябрь райондук милициясынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2026-жылдын 30-июнунда К.З. аттуу жаран милицияга арыз менен кайрылып, уулуна карата козголгон кылмыш ишине байланыштуу маселелерди чечүүгө көмөктөшүүнү сунуштап, өзүн адвокаттын жардамчысы катары тааныштырган К.Ж. аттуу жаранга карата чара көрүүнү өтүнгөн.

Арыз ээсинин айтымында, кийинчерээк ишенимге кирүү менен К.Ж. ар кандай шылтоолорду айтып, анын ичинде экспертиза жүргүзүү, медициналык документтерди тариздөө жана кылмыш ишине байланыштуу башка маселелерди чечүү үчүн акча каражаттарын бир нече жолу талап кылган. Натыйжада, жалпы суммасы 10 000 АКШ долларын түзгөн акча каражатын ээлеп алган.

Аталган факты боюнча Бишкек шаарынын Октябрь райондук ички иштер башкармалыгынын Тергөө кызматы тарабынан Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесине (Алдамчылык) ылайык кылмыш иши козголгон.

Тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө милиция кызматкерлери тарабынан 1989-жылы туулган К.Ж. аттуу жаран кармалып, Тергөө кызматына жеткирилген. Андан соң Кыргыз Республикасынын Жазык-процесстик кодексинин 96-беренесине ылайык Бишкек шаарынын ИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Көңүл буруңуздар! Аталган жарандын мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар же бул окуя боюнча кандайдыр бир маалыматка ээ болгон жарандар төмөнкү телефон номерлерине: 0 (555) 47-72-99, 0 (505) 30-00-42 же 102 номерине кабарлап коюуңуздарды өтүнөбүз.

Учурда кылмыш иши боюнча тергөө амалдары улантылууда.