Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында 75 орундуу бала бакча курулууда
Курулуш министрлиги
20 ноябрь

Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында 75 орундуу бала бакча курулууда

Жалал-Абад облусунун Базар-Коргон районундагы Кызыл-Ай айылында 75 орундуу бала бакча курулууда.

Курулуш министрлигинен кабарлашкандай, долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, объекттин жалпы наркы 78 миллион сомду түзөт.

Жаңы бала бакча заманбап үлгүдө курулуп, анда бөбөктөр үчүн бардык зарыл шарттар каралган. Долбоорго ылайык, жалпы аянты 1569 чарчы метрди түзгөн эки кабаттуу имарат салынууда.

Имаратта балдардын ойноо, уктоо жана тарбиялык сабактарды өтүү бөлмөлөрү, ашкана, дарыгердин кабинети жана кабылдама жайгашат. Бүгүнкү күндө курулуш иштер 75 пайызга аткарылды.

Объекттин курулуш иштери Курулуш министрлигине караштуу Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан көзөмөлдөнүүдө.