Акыркы беш жылда «Кыргызалтындын» таза пайдасы 123 млрд сомдон ашты
Сүрөт ачык булактардан алынды
20 ноябрь

Акыркы беш жылда «Кыргызалтындын» таза пайдасы 123 млрд сомдон ашты

Акыркы беш жылда «Кыргызалтындын» таза пайдасы 123 миллиард сомдон ашып, жалпы кирешеси 136 миллиард сомдон жогору болду. Бул тууралуу компаниядан билдиришти. 

Маалыматта айтылгандай, мамлекеттик бюджетке 6,8 миллиард сом салык төлөнүп, Социалдык фондго 662 миллион сом чегерилди.

Ал эми 2026-жылдын тогуз айында компаниялар тобунун кирешеси 131 миллиард сомдон, таза пайдасы 82,3 миллиард сомдон ашты.

«Кыргызалтындын» таза пайдасы 33,2 миллиард сомду түздү.