Жыл башынан бери Нарын облусунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 36%дан ашык өстү
президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгү
20 ноябрь

Жыл башынан бери Нарын облусунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 36%дан ашык өстү

Нарын облусунда өнөр жай продукциясынын көлөмү 14,5 млрд сомго жакындап, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 36 пайыздан ашык өстү. Бул тууралуу 20-ноябрда облустун тогуз айынын жыйынтыгы чыгарылган коллегиялык отурумда айтылды.

Маалыматка ылайык, жыл ичинде 95 жаңы ишкана ачылып, 464 жумуш орду түзүлдү. Капиталдык салымдардын көлөмү 27 млрд сомго жакындап, жети эседен ашык өсүштү көрсөттү.

Курулуш тармагында 128 объект камтылып, 14 млрд сомдон ашык каражат каралды. Ал эми жол курууда жылдык план ашыгы менен аткарылып, 154 чакырымдан ашык жолго асфальт төшөлдү. Мындан тышкары, 275 чакырымга жакын жол жарыктандырылды.