Пакистан Афганистандагы Талибан өкмөтүнө каршы «ачык согуш» жарыялады
Пакистанынын коргоо министри Хаваджа Асиф Афганистандын бийлиги менен болгон жаңжал «ачык согуш» фазасына өткөнүн билдирди. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.
Анын айтымында, Талибан кыймылы «Афганистанды Индиянын колониясына айландырды», өз аймагына «дүйнөнүн ар тарабынан террористтерди топтоду» жана «терроризмди экспорттой баштады». Министр талибдерди «Индиянын проксиси» деп атап, Исламабаддын чыдамы түгөнгөнүн белгиледи.
Буга чейин Пакистан Афганистандын Кабул, Пактия жана Кандагар провинцияларындагы бир катар аймактарга аба соккуларын жасаган. Исламабад билдиргендей, чек арадагы кагылышууларда 133 афган аскер кызматкери каза болуп, 200дөн ашууну жаракат алган.
Афганистан бийлиги өз кезегинде Дюранд сызыгынын боюнда пакистандык күчтөргө каршы кеңири жооп операциялары башталганын маалымдады. Афганстандын Коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, салгылашуулар Хост, Пактия, Нуристан жана башка аймактарда жүргөн.
Пакистандын премьер-министри Шехбаз Шариф өлкөнүн куралдуу күчтөрү «ар кандай агрессивдүү амбицияларды талкалай алат» деп билдирип, армияга толук колдоо көрсөтүлөрүн айтты. Маалымат министри Аттаулла Тарар Кабул жана башка провинциялардагы буталарга сокку урулганын ырастады.
Исламабад менен Кабул ортосундагы мамиленин курчушу бир нече айдан бери уланып келет. Пакистан афган бийлигин Техрик-е-Талибан Пакистан тобуна каршы чара көрбөй жатат деп айыптоодо. Бул уюм Пакистандын аймагындагы кол салуулар үчүн жооптуу деп эсептелет. Талибдер бул айыптоолорду четке кагууда.
2025-жылдын күзүндө Катар жана Түркиянын ортомчулугу менен жетишилген ок атышууну токтотуу боюнча келишим туруктуу тынчтыкка алып келген жок.
